super.kg logo
  Саясат  

Катар мамлекети Кыргызстандын айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарына акча бөлүүгө кызыкдар

 

Кечээ, 24-апрелде КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Мухаммед бин Арар Умейр Аль-Рамзани Аль-Наими менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Т.Сарпашев өлкөнүн инвестициялык долбоорлору жөнүндө айтып берип, Катар менен соода байланыштарды түзүүнү колдоону сунуштады. Анын айтымында, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусу төмөн деңгээлде турат.

“Катар мамлекети Кыргызстандын айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарына инвестиция бөлүүгө кызыкдар. Мындан тышкары этти жана айыл чарба азыктарын экспорттоону да караштырып жатабыз”,- деди Катардын элчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: