Облустук юстиция башкармалыктар тарабынан акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө
КРнын
Юстиция министрлигинин Облустук юстиция башкармалыктары тарабынан жарандардын
укуктарын коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында
жарандарга жана юридикалык жактарга акысыз юридикалык кеңештер берилүүдө. Бул тууралуу
кечээ, 24-апрелде КРнын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка таянсак, юридикалык кеңеш берүү үчүн Облустук жана Шаардык юстиция башкармалыктарында мамлекеттик нотариустар жана адвокаттардын курамында коомдук башталышта акысыз кабыл алуу, юридикалык кеңеш берүү борборлору түзүлгөн.
Юридикалык кеңеш берүү боюнча күзөт учурунда түзүлгөн борборлор тарабынан 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыгында башкармалыктар тарабынан республика боюнча 4420 кишиге кеңеш берилген. Анын ичинен башка облустарга салыштырмалуу көбүрөөк кеңеш берген башкармалыктардын тизмесине Бишкек шаары жана Чүй облусу (2269 кишиге кеңеш берилген), Жалал-Абад (854) жана Ысык-Көл (624) облустары кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.