super.kg logo
  Саясат  

Валерий Диль: “Манас” аэропортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу вариант тандоо зарыл"

 

Манас” аэропортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу вариант тандоо зарыл”,- дейт вице-премьер-министр Валерий Диль. Ал муну 24-апрелде “Манас” Эл аралык аэропортунун базасында аба мейкиндигин түзүү маселеси боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтты.

Жыйында 2013-жылы “Манас” аэропорту аркылуу 26 330 аба каттамы ишке ашканы айтылды, анын 7913ү ички каттамдар. Аба мейкиндиги багытында инвесторлордон 8 сунуш келип түшкөнүн “Манас” аэропортунун дареметин жогорулатуу боюнча анын президенти Албек Ибраимов айтты.

Транзиттик жүргүнчүлөр болмоюнча аэропортту чоң мейкиндикке айландыруу мүмкүн эмес. Башкы фактор: арзан керосинди сунуштоо менен жаңы кардарларды чакыра алабыз. Транзиттик каттамдарды кеңейтүү максатында чет элдик авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле биз Тамчы менен Каракол шаарындагы аэропортту кеңейтебиз. Бул биздин республикабызга туристтердин келүүсүнө шарт түзөт”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: