super.kg logo

Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу зыйнатынан фоторепортаж

 
Коомдук ишмер, саясат таануучу жана дипломат Ишенбай Абдуразаковдун сүрөтү
Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнатынын жүрүшүнөн...
Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнатына катышкан жарандар маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.
Айрым катышуучулар көз жашын токтото албай турушту.
Ишенбай Абдуразаковдун туугандарына көңүл айтылууда
Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнатынын жүрүшүнөн...
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковду акыркы сапарга узатуу зыйнатына КРнын Муфтиятынын башчысы Максат ажы Токтомушев келди.
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу иш-чарасына анын студенттери катышты.
Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнатынын жүрүшүнөн...
Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков менен коштошууга КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Асанбек Алымкожоев келди.
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков
Иш-чаранын жүрүшүнөн
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев келген конокторду маркум Ишенбай Абдуразаковдун биографиясы менен тааныштырып, анын туугандарына көңүл айтты.
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков
Ысык-Көл облусундагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев
КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев
Улуттук гвардиянын аскерлери
Улуттук гвардиянын аскерлери
Ишенбай Абдуразаков

Белгилүү коомдук ишмер, саясат таануучу жана дипломат Ишенбай Абдуразаков менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 25-апрелде Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү. Ага миңге чукул адам катышып, алардын ичинде өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жетекчилиги, коомдук ишмерлер жана студенттер да болду. Алар Ишенбай Абдуразаковдун туугандарына көңүл айтып, маркумдун адамдык жакшы сапаттарын, жасаган иштерин эскеришти. Ишенбай Абдуразаковдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

“Ар-намыс” фракциясынан лидери Феликс Кулов коомдук ишмердин  мамлекеттик деңгээлдеги атуулдардан болгонун баса белгилеп өттү. “Ал Кыргызстандын өнүгүшү үчүн көп иш аткарып берди. Анын көптөгөн максаттары да орундалбай кете берди. Коррупциялык жана бюрократиялык систем бар болгондуктан, Ишенбай Абдуразаков өлкөнүн экономикасын өнүктүрө албай калды”,- деди Кулов.

Ишенбай Абдуразаковдун студенти, активист Данияр Назаралиев “Бир жолу Ишенбай агайыбызга китеп белек кылганбыз. Ал белекти алып, “кийинки жолу силерден өзүңөр жазган китепти күтөм” деп айтканы эсимде. Тилекке каршы, биз анын өтүнүчүн аткара албай калдык” деп агайын эскерди.

Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетинин деканы, бард Анэс Зарифьян коомдук ишмердин элесине арнап жазган ырында Абдуразаков кыргызстандыктар үчүн алмашкыс атуул экени сүрөттөлгөн. “Кичи боюна карабастан, жоокер жана акылман болгон. Аны менен кара сөз аркылуу эле эмес, ыр түрүндө жазышкандыгыма кубанам”,- дейт Зарифьян.

Коомдук ишмер 24-апрелге караган түнү 77 жаш курагында каза тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
25.04.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаикан жери жайлуу болсун
25.04.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун. Калган жашын балдарына берсин. Кудайым куноолорун кечирип бейиштен орун берсин.
25.04.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жаннаттан болсун!
25.04.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kaitalangys adam... jatkan jeri jayluu topuragy torkoo bolsun
25.04.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жээри жайлуу болун.
25.04.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу. Козумо жаш айланып кетти. Ушундай жакшы адамдарыбыз жуздон аша жашашса кана аттин. Ишенбай Абдуразаков жонундо менин да эскерип ото турган кичине созум бар.Ал кезде 7-8 жашта элем.Апам экообуз кышкы каникулда тайкемдикине келдик айылдан Бишкеке, бизди тосуп алганы тайкемдин айдоочусу барды.Келе жатып бир жерден токтодук ал жерден тайкем жана бир киши чыгып машинага отурушту ал жер резиденция экен.Баягы отурган киши мага суроолорду берип, экообуз суйошуп бара жаттык.
Anqelina2 түзөттү 25.04.2014 21:35
25.04.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал киши менден айылдыктардын жашоо тиричилигин, биздин уйдогу жашоону, канча малыбыз бар, мектептеги жанылыктарды, кандай окуп жатасын айтор коптогон суроолорду берип мени менен суйлошуп бара жатты.Бир жерге жеткенде ал киши биз менен коштошуп менин колумду кармап жакшы кыз болуп чоной, жакшы оку деп тушуп калды.Кийин 8-9-класс чагымда апаман сурадым апа ошол киши ким болчу десем апам; Ишенбай Абдуразаков болчу деди.Ошондо мен аябай кубандым.Мен Ишенбай Абдуразаков м-н маектешкен экемин да деп.
28.04.2014. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан болсун! бирок орустарга окшоп бетин бекер ачып коюптур да
28.04.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: