super.kg logo

Нарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жарманкеси болуп өттү 

 

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Нарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жарманкесине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

“Биздин максат - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды активдүү экономикалык ишмердүүлүккө тартып жана аларга болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу”,- деди К.Базарбаев.   

Маалыматта белгиленгендей, иш-чаранын жүрүшүндө министрлик үч адамдын пайда алып келүүчү программаларына жардам көрсөттү. Ал Үсөнгазы кызы Ардак жана Алмир Дүйшөкеев аттуу жарандарга 7ден эчки берди. Ошондой эле Алмир Дүйшөкеевге кашаа салганга курулуш материалдарын алганга көмөк көрсөтүп, Кенжебек Кыдыралиевге бут кийим жасоочу жабдыктарды алып берди. Андан тышкары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоочу мекеменин базасында окууга көмөктөшөрүн убадалады.

Аталган иш-чаралар Ош жана Нарын шаарларында 2013-жылдан бери Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен “Handicap International” уюму аркылуу ишке ашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: