Жоомарт Оторбаев: “2013-жылы дыйкандарга миңден ашык айыл чарба техникалары берилди”
Кыргызстанда 2013-жылы дыйкандарга 1000ден ашык айыл чарба техникасы берилди. Муну бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтты. Анын билдиришинче, дыйкандарга мындай көп сандагы техникаларды берүү өлкө тарыхында биринчи жолу болду.
Оторбаев өлкөгө тартылган инвестициялар боюнча маалымат берип, ири долбоорлор ишке ашырылып баштаганын билдирди. Өкмөт башчы Жогорку Нарын ГЭС каскады, Бишкек ЖЭБди жаңылап чыгуу, түндүк-түштүк кошумча унаа жолун курууга тартылган инвестициялардын суммасын атады.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

