Жоомарт Оторбаев “мигранттар жөнөткөн акча ички дүң продукциядагы статистикага кирбейт” деди
Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн каражат ички дүң продукциядагы статистикага кирбейт. Муну бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Айтымында, 2013-жылы өлкөдө ички дүң продукциянын көлөмү 7 миллиард доллардын тегерегинде болсо, мигранттар жөнөткөн акча 2 миллиард доллар болду. Жыйында депутаттар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 37 пайызын мигранттар жөнөткөн акча түзө турганын айтышкан эле.
Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















