super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова өкмөт башчыга: “Эртең Казакстан газды өчүрүп койсо эмне кылабыз?”

 

“Кыргызгазды” Орусияга сатып жатканда өлкө түштүгүнүн газсыз калышын эске алыш керек болчу. Муну бүгүн, 25-апрелде депутат Бөдөш Мамырова билдирип, өкмөт өкүлдөрүн сынга алды. “Кыргызгаз” сатылып жатканда “үзгүлтүксүз жана арзан газ болот” дегенсиңер. Эртең Казакстан Чүй менен Бишкекке газ берүүнү токтотуп койсо эмне кыласыңар? Дегеле газ качан болот?”- деди депутат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Бул бир тараптуу чечим болду, Өзбекстан алдын ала эскертпей туруп газ берүүнү токтотту. Бирок “Газпром” бизге кепилдик берди. Жакында бул маселе чечилет”,- деп билдирди.  

Айта кетсек, парламентте бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: