super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Ички иштер министрлигинде пенсионер болгондон кийин башка жерде иштесе, пенсияга акча кошулабы?

 
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - ИИМде 20 жыл иштеп, 38 жашымда Ички иштер министрлигинин пенсионери болдум. Андан кийин мектепте мугалим болуп, дагы 25 жыл эмгектендим дейли. Ошентип, 63 жашка чыктым деп эсептесек, менин пенсиям кандай болот? Кошумча пенсия чыгабы? Суроо калтырган Az81kg.

Жооп: - Эгерде сизге Ички иштер министрлигинде 20 жыл кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамына ылайык пенсия чектелген болсо, анда кийинки башка жерде иштеген иш мезгилдери үчүн сиздин жеке эсебиӊизге төлөнгөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү кошумча катары сиздин пенсияӊызга жогоруда аталган мыйзамдын 45-1-беренесине ылайык кошулуп берилет.

Жогоруда аталган мыйзамдын 7-беренесине ылайык, бир эле мезгилде ар кандай мамлекеттик пенсия алууга укуктуу аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине, Каржы полициясынын, Атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар тандап алган бир гана пенсия төлөнөт.

Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"алар тандап алган бир гана пенсия төлөнөт"-ал кандай тушунбодум билгендер болсо кабарлап койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: