super.kg logo
  Саясат  

Нарын. КТРКнын аймактык кабарчысын эл сынга алды

 
Бүгүн Нарын шаарында Коомдук телерадиоберүү корпорациясын "Интерньюс-Нетуорк" менен кызматташтыкта реформалоо долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда КТРКнын башкы жетекчиси К.Оторбаев жана Байкоочу кеңештин өкүлдөрү менен шаардагы ар тараптуу мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер ачык маектешишти. 2010-жыл компаниянын тарыхында коомдук берүүгө өтүү жылы катары белгиленген. Коомдук телеберүү жана радио уктуруулардын зарылдыгын түзүүчү – коомго ачык-айкын көрсөтүү, берүүлөрдүн континентин жана сеткасын түзүүдө коомчулуктун катышууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги болуп саналат. Мындан сырткары КТРКнын ар бир аймакта атайын аймактык кабарчылары бар. Нарын облусу боюнча кабарчы Бөлөкбай Шеримбеков тууралуу талкуу катышуучулар арасында кызуу кепке айланып, “коомдо болуп жаткан маселелердин баарын бир жактуу, бир тараптуу жеткирип, чоңдорду мактап, алардын жасаган иштеринин жакшы жактары гана айтылып калып жатат” деген да сынды айтышты. Бул ойлор туурасында аймактык кабарчы өзү сүйлөп, журналистиканын оор, оош-кыйыш жумуштары, андагы маселелер, анын дүйнөлүк стандарттагы укук- милдеттери тууралуу түшүндүрмө берди. Эске сала кетсек, Бөлөкбай Шеримбековду эл мурунку бийлик учурунда аларды сындап чыккан “Тикенек” аттуу курч даярдалган телепрограммасынан улам таанып билишет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: