super.kg logo
  Саясат  

Энергетика министри: "Жогорку Нарын ГЭС каскадынын кубаттуулугу 237 меговаттка чейин көтөрүлдү"  

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-апрелде көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2013-жылдагы иши тууралуу отчётун укту. Анда депутаттар Жогорку Нарын ГЭС каскадынын техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык бекитилген курулуш баасына 39 миллион доллар кошулуп калганын айтышты. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын техникалык-экономикалык негиздемеси кайрадан каралып чыгып, анын кубаттуулугу 237 меговаттка же 25 пайызга көтөрүлгөнүн билдирди. Ошондуктан анын наркы 39 миллион долларга чейин өскөнүн кошумчалады. "Биз ГЭСтин натыйжалуулугун арттырышыбыз керек. Мындай чаралар кошумча электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет", - дейт министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: