super.kg logo

Каталондук “Барселонанын” мурунку машыктыруучусу Тито Виланова көз жумду

 
"Барселонанын" оюнчулары рак оорусу менен күрөшүп жүргөн машыктыруучуну колдоп, боорлоруна ага арналган жазуулар бар футболкаларды кийип майданган чыгышкан.
Тито 2003-жылы машыктыруучулук менен алектене баштаган.
Хосеп Гвардиола "Барселона" менен келишимин бузуп, машыктыруучулук кызматты Тито Вилановага таштап кеткен.
2013-жыл. Тито Виланова командада рак оорусу менен күрөшүп келген Эрик Абидаль менен биргеликте чемпиондук наамды белгилеп жатышат.

Каталондук “Барселона” футболдук клубунун мурунку башкы машыктыруучусу, акыркы жылдары рак оорусу менен күрөшүп келген Тито Виланова 45 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу кечээ, 25-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  

Маалыматка ылайык, ал кезектеги операциядан кийин каза болгон. Операцияга чейин ал ооруканада жакындары жана достору менен жолуккан. Жалпысынан ал буга чейин 2 операцияны башынан өткөргөнү маалымдалып келген.  

“Барселонада” ал 2012-2013-сезонунда башкы машыктыруучу катары эмгектенген. 2013-жылы жай айында ден соолугуна байланыштуу кызматын таштоого мажбур болгон. 2008-2012-жылдар аралыгында Тито Виланова белгилүү машыктыруучу Хосеп Гвардиоланын жардамчысы катары эмгектенген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.04.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткен жери жайлуу болсун.
26.04.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы тренер болчу барса учун 22-чемпиондукту алып келген болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: