Кыргызстанда айрым абоненттер үчүн электр энергиянын баасы 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшү күтүлөт
КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-жылдын 1-июлунан баштап электр энергияны нормадан ашыкча колдонгон абоненттер үчүн саатына 1 киловаттын баасын 70 тыйындан 1,2 сомго чейин көтөрүлүшүн сунуштап жатат. Бул тууралуу “2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбоорунда жазылууда.
Бул долбоорго таянсак, электр энергияны колдонуунун нормасы апрель-сентябрь айларында саатына 300 киловаттка барабар болсо, октябрь-март аралыгында ушул норма саатына 600 киловаттка тең. Ушул нормадан ашырбай колдонгон абоненттерге гана электр энергиянын баасы өзгөрүүсүз, ошол бойдон калат.
“2014-жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясы менен жылытуунун баасын 214 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул көрсөткүч 70 тыйындан 2,2 сомго барабар” деп жазылат аталган долбоордо.


Кемсинтип, мазактоого жол жок!
"Олор эчки койчунун таягына суйконот"
Себеби элди иш менен камсыз кылып теринер агып чарчап атасынар да.
Элдер воздухтан акча алып.оло жыргашып атат.байлыктарын,акчаларын кайсыл жакка иштетээрин билбей баштары катып турган чагы.
Депутаттарга бир кенешим.андан коро элге акча топтоп бергилечи десе.ошол бир аз ынгайлуу болмок да.
Жанагы "Эл о..о" бала бакчасында олтура бербей.эл акчаны кайдан таап атат деп текшерип коргулочу!
Мен эрежен