super.kg logo

Ошто Шайыр тапкычтар клубу алгачкы жолу шаар биринчилигин өткөрдү

 
Жалаң кыздардан түзүлөн "Шприц" командасы
"Интернационал" курама командасынын жигиттери оюн көрсөтүшүүдө.
Ош мамлекеттик университетинин студенттеринен түзүлгөн "ОшМУ" командасынын оюнчулары тамаша көрсөтүшүүдө.
Жеңүүчүлөргө даярдалган сувенир
Ырчы Темир Назаров жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырууда.
1-орунду багындырган "ОшТУ" курама командасы
Жеңүүчүлөргө өзгөчө дипломдор, сувенирлер жасатылган.
Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Эрнис Кулназаров "ОГПИ" командасына сыйлык тапшырууда.
Калыстар тобу "разминка" оюнунда
Калыстар тобунун катарын ырчы Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова, Темир Назаров, шоумен Аман Ибраев, "No name" командасынын капитаны Ема жана ММК өкүлдөрү толукташты.
Ош шаардык мэриясы жана Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Ош шаарынын биринчилигине Шайыр тапкычтар клубунун (ШТК) таймашы өттү. Ош шаарындагы окуу жайлардын студенттери жана шаар аймагынан топтолгон 7 команда 3 турдун негизинде шаар биринчилигине ат салышты. 
Уюштуруучу, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Эрнис Кулназаров шаар биринчилигине ат салышуу алгачкы жолу өтүп жатканын жана мындан ары да бул саамалык уланарын айтты. 
Ошондой эле "Тамашоунун" Жогорку Лигасына Жаштар комитетинин курама командасын даярдап чыгарышарын кошумчалады. 
Сынактын жыйынтыгында өздөрүнүн оригиналдуу тамашалары менен "ОшТУ" командасы биринчиликти, "ОшМУ" командасы 2-орунду, ал эми "ОГПИ" курама командасы 3-орунду багындырып, шаар мэриясы тарабынан баалуу белектерге ээ болушту. Бул тууралуу 26-апрелде аталган таймаштын уюштуруучулары маалымдашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
28.04.2014. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик болсун!!!
28.04.2014. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диплом кут болсун!!!
28.04.2014. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шприц командасы азаматтар, алгачкы жолу сахнада ойносонор да баарынан айырмаланып турдунар!!! Формага соз жок, ийгилик каалайм силерге!!!))
28.04.2014. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алгачкы жолу эмес мурда деле болгон го! Кулку-ШОУ деп Мурат уюштурган
29.04.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшТУ курама командасындагы Калыбек аке сизге ийгилик.Вы супер я вас обажаю....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: