Монголиялык сумочулар Бишкекте өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү (фоторепортаж)
Конокторду тосуп алууга Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев, Сумо ассоциациясынын жана элчиликтин өкүлдөрү катышышты.

Алмаз Касенов жана Токтобек Иманалиев конокторго кыргыз спорту тууралуу кенен айтып беришти.

Кийинки сөз залда уланды. Ал жерде сумочуларды жергиликтүү спортчулар күтүп жатышкан.

Монголиялык сумо чеберлери келгенде эле туура курчанууга чакыруу менен, башынан баштап үйрөтө башташты.

Монголиялык сумо чеберлери келгенде эле туура курчанууга чакыруу менен, башынан баштап үйрөтө башташты.

Сумо спортундагы эң көп кайталануучу көнүгүү. Бир бут көтөрүлөт, жердеги бутка болгон салмак түшүрүлөт.

Андан соң буттар туура коюлуп, буттардын ички бөлүктөрүндөгү тарамыштар чоюлат.

Профессионал сумочулар саат-сааттап бут чоюп, машыгып отурушарын айтышты.

Сумо менен жаңы гана таанышып жаткан балбандар алгачкы аракеттеринде окшоштура албай кыйналышты.

Сумочулардын айтымында, булчуңдарды чыңоо сумодо өтө маанилүү. Булчуңдар чыңалып, салмак кошкон соң гана беттеште өзүңдү ишенимдүү сезүүгө мүмкүн.

Сумо - атаандашты атайын аянттан сүрүп чыгарууга багытталган спорт түрү. Коноктор биздин балбандар менен түртүшүп көрүштү.
Бүгүн, 26-апрелде Бишкекке монголиялык профессионал сумочулар Корю Тадахару жана Моконами Сакаэ келип түшүштү. Японияда негизделген сумо спортунун чеберлери сапарын Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынан башташты.
Алгач аларды жергиликтүү спорт ишмерлери тосуп алып, спорт жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан соң коноктор өз тажрыйбаларын айрым спортчуларга көрсөтүштү.
Кошумчалай кетсек, иш-чараны Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КРнын Сумо ассоциациясы биргеликте уюштуруп жатат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

олтурдунго ахахаха