super.kg logo
  Саясат  

Ош. Улан Примов шаарды өнүктүрүүнүн программасы ишке ашса, элдин жашоо шарты оңолорун айтты

 

Кечээ, 26-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезексиз 17-сессиясында кабыл алынган Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн программасы боюнча Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов өз оюн айтты. 

Анын айтымында, программа шаардыктардын социалдык-экономикалык талаптарын эске алуу менен түзүлгөн. “Жаңы мектептерди, бала бакчаларды куруу, таза суу берүүнүн, коомдук транспорттун, газ, электр энергия менен камсыздоонун сапатын арттыруу сыяктуу конкреттүү пландар бар экен. Бул программа ишке ашса, элдин жашоо шарты оңолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырат”,- деди ал. 

Ошондой эле төрага программаны иш жүзүнө ашырууну шаардык кеңеш көзөмөлгө ала турганын жана  зарылдыгына жараша толуктоолорду кошсо боло турганын кошумчалады. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: