Ырчы Фархат Кеңешбек уулу жол кырсыгынан каза болду



Ырчы Фархат Кеңешбек уулу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына анын жакын достору кабарлашты. Маалыматка ылайык, ырчы Ысык-Көлдөн келе жатканда жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кайсы жерде жана эмнеликтен болгону азыр такталууда. Ырчынын сөөгүн туулган жери Талас облусуна бүгүн алып кетишери белгилүү болду.
Эске салсак, "Кайдагы сүйүү?" деп сыздаган эстрада ырчысы Фархат Кеңешбек уулу 2013-жылы 27-ноябрда Бишкектеги тойканалардын биринде Асема аттуу селкиге баш кошуп, үлпөт тоюн өткөргөн эле.
"Келинчегимде бардык сапаттар бар" дейт Фархат Кеңешбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
3

кече эле үйлөнүп жүзүнөн бакыт чачырап жүрбөдү беле.
аттиң арман...