Сумо боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиондору аныкталды (фоторепортаж)
Жаш сумочулар белдерине маваси (сумонун куру) курчанып, сахна артында күтүп жатышкан маал.


Жаш сумочулар белдерине маваси (сумонун куру) курчанып, сахна артында күтүп жатышкан маал.

Монголиялык бул спортчулар сумонун мекени болгон Японияга барып, профессионалдык деңгээлге чейин өсүп жетишкен.

Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү сөз алып, бул спорт түрүнүн Кыргызстанда өнүгүүсүнө тилектеш экенин билдирди.

Профессионал сумочулар жаш спортчуларга өзүлөрү күнүнө 1000ден ирет жасаган көнүгүүлөрдү көрсөтүп жатышат.

Профессионал сумочулар жаш спортчуларга өзүлөрү күнүнө 1000ден ирет жасаган көнүгүүлөрдү көрсөтүп жатышат.

Атаандашты атайын чийинден сүрүп чыгарууга ыкталган сумо спортун коноктор күрөшүп көрсөтүп беришти.

Андан кийин жаш спортчулар менен күрөшүштү.

11 жаш спортчу 2 конокко каршы күрөшүп, аларды чийинден чыгара алышты.

Сумочулардын өнөрүнө коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов да көз салып отурду.

Иш-чарага сыйлуу конок катары чакырылгандар сумочулардын жаш сумочуларга үйрөтүп жаткан өнөрлөрүнө кылдаттык менен көз салып отурушту.

Япония - сумо спортунун мекени. Бул жерде жылына алты ирет профессионалдар арасындагы ири мелдештер уюшулат. Чакан тасма аркылуу мелдештердин өтүү тартиби көрсөтүлдү.

Кечеде Ташчайнар деген лакап аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз өнөрүн көрсөттү.

Сумо спорту боюнча алгачкы расмий мелдеш өтүп, алгачкы чемпиондордун ысымдары белгилүү болду.

Кыргызстандын алгачкы чемпиондору Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин, Сумо ассоциациясынын жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Чакан мелдеш командалык тартипте өттү. 3 баладан турган "Ынтымак" командасы 1-орунду багындырды.

2-орун "Бирдик" командасына тийди.

Байгелүү 3 орундун бирине "Достук" командасы өз атын жаздыра алды.
Бүгүн, 27-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда монголиялык профессионал сумочулар Корю Тадахару жана Моконами Сакаэнин катышуусунда иш-чара болуп өттү. Кыргызстан, Япония жана Монголиянын мамлекеттик гимндери менен ачылган саамалык алкагында профессионал сумочулар алгач кыргыз жаштарын өз өнөрлөрү менен тааныштырышты.
Андан соң жаш спортчулар арасында сумо боюнча чакан мелдеш уюштурулду. Расмий түрдө биринчи жолу өтүп жаткан биринчиликтин жыйынтыгында сумо боюнча Кыргызстандын туңгуч чемпиондору аныкталды.
Кошумчалай кетсек, иш-чараны Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КРнын Сумо ассоциациясы биргеликте уюштурушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
Dadasdasd

28.04.2014. 08:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Памперстен башка форма жок бекен.
asiret

28.04.2014. 09:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd, сумонун формасы ушундай да
AshatMJ89

28.04.2014. 10:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга караганда биздин депутаттардын курсагы чон го))
sambo

28.04.2014. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапониядан келген Сумочулар менен Ташчайнарды күрөштүрүп койушса болмок экен.
edico22

28.04.2014. 11:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле депутаттар учун спорт окшойт сумо деген!Казылары жер чийип саландап калды, эми пайдалуу мыйзам кабыл албаса дагы элдин конулун которуп сумо курошуно катышып турушса жакшы болмок!
Kara_kyrgyz

29.04.2014. 09:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорду эзесинер да ((((
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.