super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев санариптик телеберүүгө өтүү боюнча вице-премьер-министрге тапшырма берди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 26-апрелде өкмөттүк жыйын өттү. Анда Кыргызстандын санариптик телеберүүгө өтүү маселеси талкууланып, маселе боюнча маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова баяндама жасады. Айтымында, өлкөдө санариптик телеберүүгө өтүү программасын каржылоодо көйгөйлөр бар. “Эсептөөлөр боюнча, 2014-жылга 550 миллион сом бөлүнүшү керек болчу. 2014-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоодон кийин бир жылга 100 миллион сом бөлүү тууралуу чечим чыкты”,- дейт Темирбекова.

Талкуудан кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул маселенин өз убагында чечилишин көзөмөлгө алуу боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариевага тапшырма берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: