super.kg logo
  Саясат  

“Жарандардын коопсуздугун коргоого кошумча мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек” деди Жоомарт Оторбаев

 

26-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун тизилүү иш-чарасына катышты. Өкмөт башчы аталган полктун түзүлүшү өлкөгө абдан маанилүү экенин айтты.

“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы биз жарандардын коопсуздугун коргоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Биз ИИМдин ишин жакшыртууга көңүл буруп келгенбиз жана көңүл бура беребиз”,- деди премьер.

“Биз өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кыйын кырдаалдарга ыкчам көңүл буруп, анын алдын алуу үчүн бул кызматка миңден ашуун кызматкерди алганбыз. Кызматкерлердин эмгек маянасы 1-марттан тарта 30 пайызга көбөйдү. Учурда ИИМдин атайын багыттагы полку заманбап унаа, атайын каражаттар жана башка керек болгон жабдыктар менен камсыздалган”,- деп кошумчалады Оторбаев.

Өкмөт башчы белгилегендей, атайын полктун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ага жогорку талаптар коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: