super.kg logo

Жалал-Абад. “Жашыл долбоордун” алкагында 30 гектар кооптуу аянт көрктөндүрүлүүдө

 

“Жашыл долбоордун” алкагында Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактарды жашылдандыруу аркылуу коопсуздандырууга 62 тилке сунушталып, бүгүнкү күндө аны ишке ашыруу максатында 5 объектидеги 30 гектар жерге жалпысынан 15 миңге жакын көчөт отургузулуп, 500 килограмм урук себилди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик тарабынан Алмалуу аймагындагы Өөн айылындагы 11 турак жайга коркунуч келтирген көчкүнүн алдын алуу максатында Айлана- чөйрөнү коргоо башкармалыгы тарабынан 3000 түп жаңак көчөтү жана айыл өкмөтү тарабынан 600 түп алма көчөтү берилип, айылдын жашоочулары тарабынан Өөн айылындагы 10 га жер көчкү коркунучунан кооптуу  аймактарга отургузулду.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун "Өзгөчө кырдаалдарды кыскартуу" программасынын (ПРООН) долбоору менен ошол эле Алмалуу айылынын Өөн аймагынан дагы 5 гектар жерге бадам уругун эгүү жана анын айланасын тосуу иштерин аткаруу үчүн тикенектүү зым, арматура, пилолес, цемент, мык жана сыр жеткирилип берилди. Бүгүнкү күнгө карата бадам уруктары эгилип бүтүп, айланасын тосуу иштери башталды. Бул жумушка айыл элинен 31 адам тартылган.

Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн Ооган-Талаа айылындагы 20 кожолукка жер көчкү кооптуулугу пайда болгон аймакка "Ачы" токой чарбасы тарабынан 2800 түп кара жыгач, айлант, бадам көчөттөрү берилип, айылдын жашоочулары тарабынан отургузулду. 

Отургузулган көчөттөрдүн айланасын тосууга жана бадам уруктарын эгүүгө айыл тургундарынан 21 адам тартылды. Ооган-Талаа айылындагы жер көчкү коркунучу бар 3,42 гектар жерге кара жыгач, айлант, мындан тышкары бүгүн күндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Башат (5 гектар) жана Өлөң-Булак айылындагы Топок (5 гектар) участкаларында көчөт, урук себүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Жалпы аянты 10 га болгон жер көчкү кооптуулугу бар жерге 5000 түп жаңак, 500 түп өрүк көчөтү жана 100 кг бадам уругу эгилген. Бул жумушту айыл элинен жалпы 138 адам аткарууда.

Айыл өкмөт башчылары менен айыл жашоочулары бул долбоорду колдой тургандыктарын билдиришип, эгер көчөт, урук менен камсыз кылынса, аларды отургузууга жана себүүгө жана курулуш материалдары берилсе, карап, тосуп алууга даяр экендиктерин билдиришүүдө. Бул тууралуу 28-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: