Ооганстандын түндүк-батышында болгон сел 123 адамдын өмүрүн алып кетти



Ооганстандын түндүк-батышында болгон сел 123 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары 27-апрель күнү жазышты.
Маалыматка караганда, нөшөрлөгөн жамгыр токтой элек. Селдин кесепетинен көбүнчө Ооганстандын Жаузжан, Фарьяб, Бадгис жана Сари-Пуль аймактары жабыркаган.
Бир эле Жаузжан провинциясында кырсыктан 80 адам каза таап, 100дөн ашык адамдын жабыр тартканы айтылууда. Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун саны дагы артышы мүмкүн экендигин айтууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Сен кечируучу, ырайымдуу затсын.Каза болгондордун билип-билбей кылган куноолорун кечирип оз ырайымына алгын АЛЛАХЫМ. ..