super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов өкмөт мүчөсү Сарпашевге: “Биринчи вице-премьер болгондон бери жыйындарга кечигип келе баштадыңыз”

 

Парламентте бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчётун угуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кечигишине байланыштуу экинчи маселе болуп каралууда (күн тартибинде биринчи маселе болчу). ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов кечиккени үчүн Сарпашевди сынга алды. “Сизди жакшы иштейт деп шайладык эле. Биринчи вице-премьер-министр болгондон бери жыйындарга кечигип келе баштадыңыз. Сиздин кечиккениңизден маселени кароону жылдырууга туура келди”,- деди депутат.

Тайырбек Сарпашев буга: “Саат 9:30да өкмөт башчынын салттык жыйыны өтөт. Апталык планды талкуулайбыз, ошого кечигип калдым. Мындан кийин кайталанбайт”,- деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: