super.kg logo

Ош. Социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча 25 миңден ашуун иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъект катталган 

 

Ош шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүнүн 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 25 миңден ашуун иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъект катталган. Бул көрсөткүч 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 3800 субъектке көбөйгөн. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын январь-март айларында өнөр жай ишканалары жана жеке ишкерлер тарабынан 849,3 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, 2013-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 12,8 пайызга өскөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 767,2 миллион сомду жана физикалык көлөмдүн индекси 99,1 пайызды түзгөн.

Ал эми көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 8,0 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 пайызга өскөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: