Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту
Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль утушту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Жанарбек Кенжеев алтын медалды 80 килограмм салмакта утуп алса, 66 килограмм салмакта Руслан Царев алтын алды. Күмүш медаль 130 килограмм салмакка чейинки балбандар арасында күрөшкөн Мурат Рамоновго жазылса, коло медалдын ээси 59 килограмм салмакта Калыбек Жолчубеков болду.
Кошумчалай кетсек, күрөштүн 3 түрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) Азия чемпиондугу 23-27-апрель аралыгында Казакстандын Астана шаарында өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.