Депутаттар айыл чарба министринин орун басарына “чет элге чыкканда абайлап сүйлөңүз” дешти
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутаттар айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевди сынга алышты. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов: “Чет өлкөгө чыгып, "Кыргызстанда ветеринария жок" деп айтыпсыз. Жок эмес, бар. Колдон келишинче каржыланып, иштеп жатат. Сыртка чыкканда абайлап сүйлөңүз”,- деди.
Керималиев минтип айтпаганын билдирди эле, депутат буга далил бар экенин айтты.
Айта кетсек, комитет жыйынында өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

