super.kg logo

Жаза аткаруу кызматынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

 

Жаза аткаруу кызматынын Материалдык-тылдык камсыздоо жана чарбалык эсептик башкы башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары унду сатып алууда мыйзам бузууларга барышкан. Алсак, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Жаза аткаруу кызматына Экономика министрлиги бекиткен баа менен унду сатып алууну сунуштаган. Анда 1-сорттогу ундун 1 килограммы 23 сом, 2-сорттогу ундун 1 килограммы 17,5 сом деп белгиленген.  

Бирок ага карабай Жаза аткаруу кызматынын Материалдык-тылдык камсыздоо жана чарбалык эсептик башкы башкармалыгы 1-сорттогу ундун 1 килограммын 28 сом, 2-сорттогу ундун 1 килограммын 22 сомдон сатып алууну уланта берген. Мындан улам мамлекет 882 498 сом зыян тарткан.

Учурда "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: