Кыргызстанда 2013-жылы 34 миңден ашуун фармацевтикалык продукцияга сертификат берилди
	2013-жылы дары-дармектерди сертификациялоо органы тарабынан 34167 фармацевтикалык аталыштагы продукцияга сертификат берилип, ал эми 23 миллион 695 миң сомго бааланган 75 аталыштагы дары-дармектин түрүнө сертификат берилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Дары-дармектерди камсыздоо департаментинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Кыргызстандагы бардык фармацевтикалык продукциялар сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтөт. Алардын катарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан, чет өлкөдөн алынып келген жана дарыканалардагы индувидуалдык түрдө даярдалган дары-дармектер кирет.
“КРнын Салматтыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектерди жана медициналык керектүү буюмдарды камсыздоо департаменти тарабынан дарыканаларга жана ооруканаларга түшүп жаткан дары-дармектердин баары лабораториялык сыноодон өткөн соң гана сапаты боюнча сертификатка ээ болот”,- деп кошумчалашты аталган департаменттен.
				 
				 
				 
				
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













