super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "байлар малын өз акчаларына дарылашсын" дешүүдө

 

Парламент депутаты Сайдулла Нышанов малы көп фермерлер малга керектүү дарыларды өздөрүнүн чөнтөгүнөн сатып алса жакшы болорун сунуштады. Муну депутат бүгүн, 28-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында айтты.

Ветеринария тармагы, бул жаатта элементардык маселелерди чече албай жатасыңар. Албетте, буга силерге чейинкилер күнөөлүү. Азыркы учурда мамлекет ветеринария тармагын 25 пайызга гана каржылайт. Ошондуктан бай адамдар өздөрүнүн малын өздөрү каржылашы керек. Мисалы, миң кою бар адам малдын жүгүн мамлекетке жүктөп салышы туура эмес. Мамлекетти көрүп жатасыңар. Андан көрө бир жылкысын сатса, 5 жылдык дары-дармегин сатып алат. Ушундай аракеттерди карап көрсөк, мамлекетке да жакшы болот”,- деди Нышанов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: