Бишкекте 31 жаштагы айым уурулук фактысына шектелип кармалды
Бишкекте 31 жаштагы айым уурулук фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Бишкек шаарынын Исанов жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ырыс” дүкөнүнүн кассасынан белгисиз бирөө 10 миң сом уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 31 жаштагы Ж.Назгүл аттуу борбор шаардын тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.