super.kg logo

Ош. «Жылдын мыкты мугалими-2014» сынагынын биринчи баскычы жыйынтыкталды 

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында 7-26-апрель аралыгында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими- 2014» сынагынын биринчи баскычы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде аталган мекемеден билдиришти.

«Жылдын мыкты мугалими-2014» сынагынын экинчи баскычына 25 мугалим катышты. Экинчи баскычта педагогикалык жана психологиялык тест, экспресс сабактар (сабак өтүүгө 30 мүнөт, ал эми өзүнүн сабагын анализдөөгө 10 мүнөт), тарбиялык саат (тарбиялык саат өтүүгө 20 мүнөт, тема уюштуруу тобу тараптан сунушталган, конкурсант тарабынан тандалып алынган), ата-энелер менен жыйналыш (“Тарбиянын мыктысы - ата-эненин бактысы” деген ураандын алдында 20 мүнөттүк жыйналыш болду) өткөрүлдү. Сынакка катышуучунун 2-баскычтагы топтогон упайлары финалдык турда эске алынат.

“Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын финалдык туруна катышууга 8 мугалим калды. Катышуучулардын иш тажрыйбасын шаарга жайылтуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан колго алынды.

Айта кетсек, сынактын финалдык турун уюшкандыкта өткөрүү башкармалыктын усулканасына жүктөлдү. Ал эми финалдык тур 3-май күнүнө белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.04.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мыкты мугалимдердин деле айлык акысы томон, тегеле которушподу, мугалим болуп журуп Москвада иштеп журобуз, ал жактагы бир ай иштеген мугалимдин айлыгын бир жумада таап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: