super.kg logo
  Саясат  

Парламент: Банк аркылуу лизингге 2 комбайн алган жарандын талаштуу маселеси каралууда  

 

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 28-апрелдеги жыйынында банк аркылуу лизингге 2 комбайн алган жарандын талаштуу маселеси каралууда. Депутат Эсенгул Исаковдун билдиришинче, Өзгөн районунун Төрт-Күл айылынын тургунунан арыз түшкөн. Лизингге алынган комбайндар банкка кайтарылып, бирок банк комбайндарга алдын ала төлөнгөн баанын 30 пайыздык суммасын кайтарып бербей жатат. 

Лизингге комбайн берген банктын өкүлү буларды айтты:

“2012-жылы Мамасадыков деген жаран лизингге 2 комбайн алган. Банкка алдын ала төккөн техниканын 30 пайыздык акчасын күбөлөндүрүүчү (поручитель) Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов таап берген. Кийин насыя төлөөнү кечиктирип, комбайндар кайтарылып алынды. Мамасадыков ошол учурда Орусияга кетип калган, азыр деле ошол жакта болушу керек. Келишимде жазылган: убактысы менен акчасын төлөбөй койсо, банктын тартып алууга укугу бар. Анан да комбайндар бузулуп калган, 35-40 миң долларлык оңдоо иштери керек экен. Негизи, 7 жылга чейин бузулбай иштеши керек болчу. Экинчи жолу лизингге бергенде экинчи тарап оңдоо иштерин өз моюнуна алган. Ошонун эсебинен биринчи кардардын 30 пайыздык акчасын кайтарып берген жокпуз”.

Депутаттар бул маселени тийиштүү органдар иликтеши керектигин айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: