super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: “Техникалык бөлүгүнө караганда телевидениенин мазмуну маанилүү”

 

“Биз кантип эмес, эмнени көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле аналогдук көрсөтүүдөн санариптик көрсөтүүгө өтүүдө техникалык бөлүгүн Унаа жана коммуникация министрлиги колуна алганын белгилеп өттү. "Учурда спутник же интернет аркылуу телесигнал берүүгө болот. Биздин жарандар бизден алардын укуктары маалымат алууда кынтыксыз корголот деп күтүшөт. 

Ошол себептен ата мекендик мазмун үчүн болгон шарттарды түзүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колго алуусу керек. 

Бул тек гана кыргыз тилин өнүктүрүү эмес, маалымат коопсуздугун да камтыйт. Мен өзүм тараптан конструктивдүү сунуштарга ачыкмын жана санариптик берүүгө өтүүдө программаны аткаруучуларга өз деңгээлимде жардам берүүгө даярмын”,- деди Сариева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: