super.kg logo

Ысык-Көл бассейн-суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги "бюджеттик каражаттарды ыйгарып алган" деп шектелүүдө

 

Ысык-Көл бассейн-суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги "бюджеттик каражаттарды ыйгарып алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 2011-жылы Ысык-Көл бассейн-суу чарба башкармалыгы жер казуучу техникага керектелүүчү унаа тетиктерин алуу боюнча жеке ишкер менен келишим түзгөн. Бирок унаа тетиктери алынгандыгы тууралуу факт катталган эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, мындай кадамдардан мамлекет 310 миң сом зыян тарткан.

Учурда "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: