super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министри Шамиль Атаханов чек ара жаңжалына байланыштуу Баткен облусуна жөнөп кетти

 
Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу КРнын Ички иштер министри Шамиль Атаханов аталган облуска жөнөп кетти. Бул тууралуу КРнын Коргоо кеңешинин катчылыгы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-январь күнү эртең менен КРнын Чек ара аскерлигинин жетекчиси Закир Тиленов Өзбекстандын Чек ара жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, күндүн экинчи жарымында жолугушууга макулдашты. Ал эми Фергана облусунун акими кыргыз чек ара башчысын "Кайтпас" өткөрүү пункту аркылуу Сох анклавына киргизүү тууралуу Фергана облустук ИИБден макулдук алгандыгы белгилүү болду. Ошондой эле ИИМ тарабынан Баткен облусунун губернатору Жеңиш Разаковго Фергана облусунун акими менен жолугушуп, кырдаал боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Сох анклавынын аймагындагы жабылган чек ара пункттары абал турукташмайынча жабык бойдон калмакчы. Маалым болгондой, 5-январь күнү Баткен облусундагы Сох анклавында жашаган өзбек тургундары кыргыз чек арачыларына кол салып, ондогон кыргыз жарандарын барымтага алып кармап турушат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: