super.kg logo
  Саясат  

Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2013-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 28-апрелде өкмөттүн 2013-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекемелердин башчылары катышты.

Сарпашевдин айтымында, 2013-жылы Кыргызстандын негизги соода-сатык өнөктөшү болгон Орусия, Казакстан, Кытайдын экономикалык жактан өсүшү кыйла басаңдашы, дүйнөлүк рынокто алтын наркынын туруксуздугу сыяктуу бир топ тобокелчиликтер терс таасирин тизгизгенин айтты. 

2013-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 350 миллиард сом өлчөмүндө түзүлгөнү айтылды. “Кумтөр” кенин эске албаганда, ИДПнын иш жүзүндөгү өсүшү 5,8 пайыз болду. 

Ал белгилегендей, 32 миллиард сом суммасындагы ири инвестициялык долбоорлордун ишке аша баштоосу экономиканы көтөрүүнүн негизги таянычы болду. Сарпашев Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана автожолдорун калыбына келтирүү, “Датка” электр линиясынын, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун атады.

Жыйынтыгында тармактык комитет өкмөттүн 2013-жылдагы ишин канааттандырарлык деп таап, Жогору Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: