Сириянын президенти Башар Асад 3-июнга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган болду
Учурда Сирияда президенттикке талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Учурдагы президент Башар Асад да өз талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде чет элдик маалымат булактары сириялык телеканалдарга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сирияда президенттик шайлоо 3-июнга белгиленген. Асад президенттикке талапкерлердин жетинчиси катары тизмеге кирди.
Кошумчалай кетсек, 48 жаштагы Башар Асад Сириянын президенти болуп 2007-жылы 27-майда шайлоочулардын 97,62 пайызынын добушун алуу менен шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















