Бишкекте 8 жашар кыз “уюлдук телефон уурдаган” деп шектелүүдө
Бишкекте 8 жашар кыз “уюлдук телефон уурдаган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, баш калаанын 40 жаштагы У.Айнура аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Чыгыш-5 кичи районундагы чачтарачканалардын биринен кымбат баалуу уюлдук телефонун белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектелип 8 жашар Т.Асылжан аттуу кыз мыйзамдуу өкүлдүн коштоосунда кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Ата-энелер балдарга бирөөнүн буюмун сурабай алба деп кулагына куюп туруш керек да.