super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги сот имараттарынын абалын көрүп чыгышты

 

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети бүгүн, 28-апрелде Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүп, сот имараттарынын абалын көрүп чыгышты. Депутаттар Баткен облусундагы сот имараттарынын абалы, материалдык-техникалык жактан жабдылышы менен таанышышты.

Баткен райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Исмаилбек Каримжанов райондук соттун имараты 1958-жылдан бери оңдолбогонун билдирди. 

Аймакта мыкты адистердин жетишсиздигин Баткен облустук сотунун төрагасы Сооронбай Карабаев белгилегенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы. “Соттук департамент тарабынан коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каражат бөлүнбөгөндүктөн, электр кубаты менен байланыш каражаттарына болгон карыз өсүп жатат”,- дейт Карабаев.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Баткен облустук сотторунун судьялары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди комитеттин алдыдагы жыйындарында талкуулоо менен тиешелүү ведомстволорго тапшырма берүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: