Ош. Аюунун терисин сатууга аракет кылган 29 жаштагы жаран кармалды
Ош шаарында аюунун терисин сатууга аракет кылган 29 жаштагы жаран ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Тинтүү учурунда Мазда-626 унаасынан өлтүрүлгөн Тянь-Шань аюусунун териси табылган.
Кармалган жарандын көрсөтмөсүндө аюунун терисин Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жашаган тааныш адамынан алган. Аны 100 миң сомго сатууну пландаган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.