super.kg logo
  Саясат  

Канада Орусиянын ондогон саясатчысына санкция киргизди

 

Канаданын Эл аралык иштер боюнча департаменти Орусиянын ондогон саясатчысына санкция киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Канаданын жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Санкцияга туш болгондордун ичинде: Орусиянын Президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Вячеслав Володин, вице-премьер Дмитрий Козак, президенттин Крым федералдык аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Олег Белавенцев, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төргасы Алексей Пушков, Мамлекеттик Думанын төрагасынын мурдагы орун басары Александр Бабаков жана Владимир Жириновский бар. "Аты аталгандарга Канаданын аймагына кирүүгө тыюу салынды" деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Евробиримдик өзүнүн кеңейтилген санкциясына 15 орусиялыкты кошорун билдирген. Ал эми АКШ 17 компанияны жана 7 Орусиянын жаранын кошо турганын жарыялаган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: