Ош шаардык прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору пара алып жаткан жеринен кармалды
28-апрель күнү Ош шаардык прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде билдирди.
Белгилүү болгондой, С.Р. аттуу шаардык прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору Ош шаарынын жашоочусу О.Э. аттуу айымдын жеке мүнөздөгү маалыматтарын билерин айткан.
Ошондой эле ал маалыматтарды эл арасында жайылтып жиберүү менен опузалап, 1000 АКШ долларын талап кылган. Акча талап кылган жаран жумуш бөлмөсүндө О.Э. аттуу айымдан 300 доллар алып жаткан жеринен Башкы прокуратуранын жана УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.