super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга гендик модификацияланган организмдерди  киргизүүгө тыюу салууну Социалдык саясат комитети 3-окууда кабыл алды

 

Парламенттин Социалдык саясат комитети Кыргызстанга гендик модификацияланган организмдерди киргизүүгө, өлкөдө өндүрүүгө, сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Мындай чечим комитеттин 29-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева “Мыйзам долбоору экинчи окууда кызуу талкуудан өттү. Үчүнчү окууда сунуштар түшкөн жок, кабыл ала берели” деп билдирди. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Эркингүл Иманкожоева буга чейин: "ГМО азык-түлүктөрү себилген жерге экинчи жолу таза өсүмдүк өспөйт. Азыр Кыргызстанга аз өлчөмдө гана кирүүдө. Бара-бара бул нерсе кыргыз элинин саламаттыгына олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, Кытайдын алмаларын карайлы. Сыртынан карасаң абдан сонун, алар алманы өстүрүп жатканда ага курт-кумурсканын генин кошот. Өз гени кошулган мөмөнү курт жебейт",- деп билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: