Жоомарт Оторбаев 2 күндүк иш сапары менен Москвага барды
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2 күндүк иш сапары менен Москвага барды. Бул тууралуу 29-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, "Газпром" ААКнын жетекчиси Алексей Миллер, "Интер РАО ЕЭС" ААКнын төрагасы Борис Ковальчук жана Өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы Андрей Бельянинов менен жолугушат.
Ошондой эле 30-апрелде премьер-министрдин биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушат. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу жол картасы, “Манас” аба майданы жана биргелешип аткарууну болжогон энергетикалык долбоорлор талкууланат.
Мындан сырткары Жоомарт Оторбаев сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн жыйын өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

