Орусияда документсиз унаа айдап жүргөн Кыргызстандын жараны 15 суткага камакка алынды
Орусияда кыргызстандык жаранды 15 суткага камап коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Екатеринбург шаарында маршруттук такси айдап жүргөн 45 жаштагы Кыргызстандын жаранын МАИ кызматкерлери токтотуп, айдоочунун документтери жок экенин аныкташкан. Айдоочу тууралуу маалыматтарды текшерүүгө алышканда, ал 2011-жылы эреже бузууларга кабылганы аныкталган.
Анын ичинде мас абалында рулга отурганы үчүн 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган. Жыйынтыгында кыргызстандык айдоочу 15 суткага камалган. Камактан чыккан соң аталган жаран 3 жыл Орусияга кирүү укугунан ажырап, Кыргызстанга жөнөтүлөрү белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.