Алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда колдоо тапты
Бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда колдоо тапты.
Мыйзамга ылайык, алимент төлөөдөн качкан ата-энелерден карызынын көлөмүн үч эселеп кайтарып алуу сунушталды. Көп эселеп кайтарып алган айып пулдун бир бөлүгү мамлекеттин бюджетине калса, калган эки бөлүгү алимент алууга муктаж болгон балдардын өздөрүнө пайдаланылат.
Жыйында депутат Элмира Жумалиева: "Алимент төлөөчү тарап оор дартка кабылып калган болсо же ал иштеген уюм банкрот болуп иштебей калса, кандай жеңилдиктер карала тургандыгы да мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолордо аныкталган",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

