super.kg logo

Эргүү тартуулаган Бишкектин жамгырлуу апрелинен фотобаян

 
Жамгыр жан дүйнөмдү тазалагандай болот. Жаанды сагынып жүргөн убагым. Кол чатыр кармап, сейилдеп басканды жактырам. Жаан жааганда кошо ыйлачу да адатым бар, ушунчалык жеңил тартып калам. Жаанды жакшы көрөм...
Жамгырдын дабышы менен кошо эсимде калган кубанычтуу мүнөттөр да жуулуп баратат... Жамгырдын дыбыраганы барабан тарсылдаган сыяктуу сезимдеримди ургулайт. Сокку жеген үмүт барган сайын быркырап, кебекке айланып барат. Ошондогу "биз эч качан бирге боло албайбыз" деген сенин ачуу сөздөрүңдүн тамчылары айнекке тийип чачырап жатты...
Жамгыр ар бирибиздин жашообузга өзүнчө таасир калтырат. Айрымдар мурун жамгырда калган окуяларын эстеп, тек гана терезеден суктанып отурган болсо, кээ бири "тезинен үйгө жетсем" деп шашылышат. Жамгыр жөнүндө адамдардын ой-толгоолорун окуп таасирлендим. 
"Бийик тоолуу райондордо, жайлоолордо эки сааттын биринде нөшөрлөп мөндүр аралаш жааган жамгыр кулак-мурунду тызылдатып, өчү бардай төгүп салчу. Энтигип, аба жетишпей, жетер жериңден үмүт үзүп, арасат жолдо таштай катып, амандыгыңды гана тилейт экенсиң. Бир жагынан чагылган тарс-турс болуп чартылдаса, карматпай жүргөн азоо атың да, сайгактап жүргөн уюң да тагдырына баш ийип, жайынан жылбай, туткунга айланат. Жаратылыштын мыйзамына таң каласың..." 
"Жамгыр жаап жатат. Тыпылдаган ар бир дабышынан кадимки нотанын үндөрү угулгандай. "Акын, обончуларга ушул жамгырдын нотасы да катуу таасир берсе керек" деп ойлодум. Кол чатыр менен сейилдеп азыр келдим. Бир жерге барышым керек эле. Атайын жөө барып, жөө келдим. Жаан жаагандагы абанын тазалыгы, ай!"
Бишкекте апрель айы жамгырга бай болду. Бирөө чыгармачылыгына эргүү алса, бирөө "быйыл түшүм мол болот" деп сүйүндү. "Апрелдин акыркы эки күнүндө жамгыр жаап, май айында күн ачылат" деген маалымат көпчүлүккө жагымдуу кабар болору бышык. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
29.04.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат чоон, сонун фото баян экен! Бишкектин тааныш жерлерин коруп, сагынычым бир аз да болсо тарап калды. Жамгырда калган кундорумду да эстеп алдым, жылмаюу менен...
29.04.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээх соооонун,мен жамгырды аябай суйомгоо
29.04.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххх бишкекке кетким келип кетти.кокмок болуп кооз болуп калыптыр.бизде дагы деле кар кете элек.сагындымгооо кыргызстанды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: