Депутаттарды насыялык акчага 2 миллион долларлык медициналык жабдуу сатып алуу сунушу ойлондурду
Парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык келишимдин долбоору каралууда. Аталган уюм саламаттыкты сактоо тармагы үчүн насыя бергени жатат. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева насыялык акчага 3 төрөт үйү курулуп, рентген жана ангиограф жабдуусу алынарын айтты. Депутаттарды ангиограф жабдуусунун баасы кызыктырды. “Ангиограф жабдуусун 2 миллион долларга сатып алуу маселесин кайра карап чыгыш керек, бул абдан кымбат. Мындан арзандарын тапса болот”,- деди депутат Дамира Ниязалиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

