Саламаттыкты сактоо министри: “Депутат алып келем деген 10 гемодиализди иштетүүгө шартыбыз жок”
Парламентте депутаттар саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевадан депутат Карганбек Самаков алып келем деген 10 гемодиализ жабдуусун иштетүүгө эмне үчүн каршы чыгып жатканын сурашты. Министр Динара Сагынбаева буга төмөнкүчө жооп берди:
“Депутат Карганбек Самаков 10 гемодиализ жабдуусун алып келерин айткан. Жабдууларды иштетүүгө шарт жок. Аларды орнотуп, иштетүү үчүн бир жылга 53 миллион сом керек. Бул акча 2014-жылдын бюджетинде каралган эмес. Каржы министрлиги "башка ыкмаларды карап көргүлө, мындай акча бере албайбыз" деди. 10 гемодиализди иштеткиче жеке тармактардын кызматын сатып алуу арзан түшкөнү жатат”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

