super.kg logo
  Саясат  

Алиясбек Алымкулов: “Акыркы 3 жылдын ичинде тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны кескин өстү”

 

Акыркы 3 жылдын ичинде тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздардын саны кескин өстү. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Айтымында, Өзбекстандан кайтып келген кыргыздар өтө көбөйдү.  

“Аларга паспорт берүүгө үлгүрбөй жатабыз. Бул мыйзам кабыл алынса, аларга кам көрүүгө шарттар түзүлмөк”,- деди министр.

Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева “жетишип иштешиңер керек, иштейбиз деп келгенсиңер” деп билдирди.

Айта кетсек, комитет жыйынында "Кайрылман" программасын ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорун кароо күн тартибинен убактылуу алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: